БИОМАДАНИЯТ – ЖАРАТЫЛЫШ БЕЛЕГИ

“Нукура кыргыз журналистикасы” мектебинин сабагы “Биомаданий ар түрдүүлүк жана туруктуу өнүгүү” аталышында болуп өттү. Аны социолог, салттуу билимдерди изилдеп, жыйноочу, “Айылды өнүктүрүү фондунун” (Рурал девелопмент фанд) жетекчиси Күлүйпа Акматова мыкты деңгээлде өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө маанилүү темаларга токтолуп, кызыктуу маалыматтарга ээ болдук.
Био ар түрдүүлүк – дүйнө жүзүндөгү тирүү жандардын жыйындысы. Башкача айтканда, жашоонун бардык түрлөрү. Ал эми көп түрдүүлүктүн олуттуу элементтери төмөнкүлөр:
1) Салттуу экологиялык билим (Экологияга тиешелүү ырым-жырымдар. Мисалы, сууга түкүрүүгө болбойт, караңгыда сууга барба, отту суу менен өчүрбө ж.б.);
2) Экосистема (Генетикалык байлык);
3) Генетикалык ресурстарды дарылык максатта пайдалануу.
“Тил – ата-бабадан калган жашыруун белги”, “Тил – маалыматтын жыйындысы” (Күлүйпа Акматова). Айлана-чөйрөнү таануу үчүн тилде сакталган баалуу маалыматтарга кайрылабыз. Андагы билим менен жаңы ачылыштарды жасайбыз. Тилдеги жашыруун белги аркылуу (жат көздөн сактоодо мыкты жол) кийинки муунга билимди жеткиребиз.
“Ар бир тирүү жан – уникалдуу” ( Күлүйпа Акматова). Бардык тирүү жан өзгөчө. Аны аңдоо үчүн алгач өзүңдү таап, таануу керек. Ага жаратылыш жардамга келет. Айлана-чөйрөнүн кайталангыс кубулуштары, адамзаттын аң-сезимин өстүрүүдө табылгыс казына.
Био ар түрдүүлүктүн маданият, тил менен болгон байланышы. Адам баласы өзүн дүйнөнүн түркүгүмүн деген жаңылыш ойго кириптер болгондо, жаратылышка кам көрүүнү унутуп, аны көз жаздымда калтыра баштайт. Тескерисинче, биз – адамдар жаратылышка “карызбыз”. Анын алдында “күнөөлүбүз”. Бекеринен, жер эне деп ата-бабаларыбыз айтпаса керек. Маданияттын негизин түзгөн био ар түрдүүлүктү сактап калуу – жалпы адамзаттын милдети. Табигый чөйрө өз аймагында жашаган тургундарды “унчукпастан” багат. Маданиятта, тилде сакталган табылгыс билимдер жаратылыштын арты менен пайда болгон. Жалпылап айтканда, био ар түрдүүлүк – бүтүндөй жашоо. Андыктан жакшы жашап, өнүгүүнү кааласаң, жаратылышты кадырла, сүй, баркта.
“Журналист – бул элдин добушу, үнү” ( Күлүйпа Акматова).
Бүгүнкү күндө экологияда олуттуу көйгөйлөр бар экени баарына маалым. Аны көтөрүп чыгуу – жалпы адамзаттын иши. Бүгүнкү алган маалыматтар коомчулуктун аң-сезимин ойготууда журналисттин орду зор экенин дагы бир жолу айгинелеген, таасирдүү сабак болду.

Мээрим Эшимбекова – “Нукура кыргыз журналистикасы” мектебинин катышуучусу.

Байланышуу

Байланышуу телефон:

+(996) 312 59-08-28

Биздин адрес:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Геологический 11, офис №1