“Айлана чөйрөбүздөгү элдик салтуу билимдер аркылуу ак илбирсти сактап калуу” долбоору

РДФ Общинный Фонд Силиконовой долины жана Кристенсен фондунун колдоосу менен ак илбирсти жана ал байырлаган аймактарды сактап калуу үчүн “Элдик салттуу билимдер аркылуу ак илбирсти сактап калуу” долбоорун ишке ашырууга белсенди. Долбоордун негизги максаты Кыргызстандагы сынама (пилоттук) аймактарында ак илбирс байырлаган жерлерде кездешкен сейрек жана белгилүү болгон (популярдуу) өсүмдүктөр, канаттуулар, жаныбарлар тууралуу жеткиликтүү маалымат булактарын түзүү, аларды жайылтуу жана эң негизгиси ак илбирсти сактап калуу жолдорун мектеп окуучуларына, жаштар арасында JIBI Snow Leopard фондунун платформасы жана социалдык аракеттери менен биргеликте түшүндүрүү. Андан сырткары, бул долбоорго сынама (пилоттук) мектептердин мугалимдери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынан эксперттер катышат.

Долбоордун алкагында ак илбирс байырлаган аймактар менен биргеликте, ал жердеги өсүмдүктөрдү, канаттууларды, жаныбарларды домонстрация кылып турган санариптештирилген билим берүү булагынын интерективдүү картасы түзүлүп жатат. Жана ошондой эле РДФ ак илбирс байырлаган аймактардагы сейрек кездешкен өсүмдүктөр, канатуулар жана жаныбарлар тууралуу маалыматтарды топтоп, аны иштеп чыгып, тааныштырма баракчаларын (брошюры) басып чыгарып турат. Салттуу билимдерди топтоодо, РДВ өлкөбүздүн 7 аймагында иш алып барып жаткан “Кыргыз Эл Акыл Казынасы” тармагындагы маалыматтарга таянат.

Изилдөө ишинин жүрүмүнө (маршрут) Тажикстандагы Мургаб районундагы этникалык кыргыздардын коомчулугу кирет. Акыр аягы Селте коомчулугун катышуучуларынын катышуусундагы ак илбирс тууралуу иш-чара менен жыйынтыкталат.

Иш-чаранын алкагында сынама (пилоттук) мектептердеги мугалимдердин катышуусунда жаштар арасында JIBI Snow Leopard маалымат алмашуу, алган билимдерин тереңдетүү, жергиликтүү борборду коргоо биргелешкен кыймылын түзүү, сейрек кездешкен жаныбарлар, өсүмдүктөр жана ак илбирсти коргоо платформасын уюштуруу иштери пландалууда.

Эгерде сиздерде көчмөн кыргыз маданияты тууралуу муундан-муунга айтылып жана сакталып калган кызыктуу маалыматтар, тарыхый окуялар жана оозеки түрдө сакталып калган жаныбарлар, өсүмдүктөр, деги эле жаратылыш тууралуу уламыштар болсо биз менен  бөлүшүп койсоңуздар ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындай жол аркылуу сиз да, ак илбирс жана ал байырлаган мекендеги сейрек кездешкен өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жана канаттууларды сактап калууга, салттуу билимди жайылтууга салым кошкон болосуз. Биз менен 0700 33 01 06 телефон номери аркылуу же болбосо: general@rdf.in.kg электрондук дараги аркылуу маалымат бөлүшсөңүз болот.

Байланышуу

Байланышуу телефон:

+(996) 312 59-08-28

Биздин адрес:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Геологический 11, офис №1