Local Solutions for Local Development

English    Русский    Кыргызча


БАШКЫ БЕТ        БИЗ ЖӨНҮНДӨ        БИЗДИН КЫЗМАТ        ОКУЯЛАР        М-БОРБОРУ        ГАЛЕРЕЯ        БАЙЛАНЫШУУ         

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

БАГЫТТАР

КАДАМ ИНИЦИАТИВАСЫ
НУКУРА ЭЛДИК АКЫЛ-БИЛИМИ
ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
КОНФЛИКТЕРДИ ЧЕЧҮҮ
АЙЫЛ ИНСТИТУТУН ӨНҮКТҮРҮҮ
АЙЫЛ ЧАРБА
КАДАМ - АЯЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
ЖЕР РЕФОРМАЛАРЫ
ЖАМААТТАР
ОКУТУУЧУ ПРОГРАММАЛАР

Жаңылыктар

2017 ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН ДООЛБОРДУК ИДЕЯЛАРЫНЫН КОНКУРСУ «ЖЕР БАЙЛЫГЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ»

Кыргызстанда Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык Жер Коалициясынын аймактык Ассамблеясы (International Land Coalition) болуп өттү

Эл аралык «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкекте өтүүчү Форуму

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү

"Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фонду пилоттук жамааттардын окуучулары арасында "Ак илбирс жана анын чөйрөсү" темасына конкурс жарыялады

Баардык жаңылыктар



Биздин стратегия жана ишмердүүлүгүбүздүн негизги багыттары

Айыл өнүктүрүү тармагында программаларды иштеп чыгуу, координациялоо жана ишке ашыруу РДФ техникалык көмөктөшүү, персоналды мобилизациялоо, жергиликтүү өнөктөрдү тартуу, кийинчерээк таратуу үчүн топтолгон тажрыйба менен сабактарды тиешелүү түрдө  иретке келтирип жана жыйынтыкты камсыз кылуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда практикалык тажрыйба топтогон. Өз программаларында РДФ айылдын экономикасын өнүктүрүү, башкаруу жана социалдык теңдиктин маселелерин камтууга умтулат. Ишмердүүлүгүн жүзөгө  ашырууда РДФ мамлекеттик мекемелер жана донорлордун кеңири чөйрөсү менен кызматташуу боюнча өзүнүн  топтогон тажрыйбасына таянат.

 

Изилдөөлөрдү жүргүзүү жана обзорлор

РДФ укуктук жана экономикалык обзорлорду жүргүзөт, сурамжылоонун инструментарийлерин иштеп чыгат, интервью алчу адамдарды тандап алат, окутат жана талдоо жүргүзөт. РДФ жана анын эксперттери жергиликтүү шарттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган башка иштер менен катар жер реформасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана децентралдаштыруу, айылдык жамааттардын негизинде өнүктүрүү, гендердик маселелер, турмуштук мыйзамдар жана маданий мурастар боюнча дагы  изилдөө  иштерин жүргүзүшкөн.

 

Мониторинг жана баалоо

РДФ жергиликтүү контекст боюнча өзүнүн билимин жана ыктарын айылды өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонот.

 

Окутуучу тренингдер жана фасилитация

РДФ жетилүү курагындагы адамдар арасында элет калкынын даярдык деңгээлин жана керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан интерактивдүү окутууларды өткөрөт. Ошондой эле программаларды ыңгайлаштырууга жана жакшыртууга техникалык жактан көмөктөшүүнү сунуш кылат.

 

Потенциалды күчөтүү

РДФ студенттер менен университеттердин бүтүрүүчүлөрүнө  Фонддун талаа иштерине жана изилдөөлөрүнө  катышууга, Кыргыз Республикасынын мисалында өнүктүрүү маселелеринде практикалык тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк тартуулоо менен Кыргызстандын өнүгүшүнө өз салымын кошууда. Биз регионубузга жана өлкөбүзгө  эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында чет мамлекеттердин студенттерине стажировкалоо программасына катышууга мүмкүнчүлүк тартуулайбыз.

Рурал девелопмент фанд

Геологический пер., 11, офис-1

Кыргыз Республикасы

720005, Бишкек

Телефон: +996 (312)590828 

Моб. телефон: +996 (770)330106

Email: general@rdf.in.kg





© RDF 2008 - 2015




Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность