Local Solutions for Local Development

English    Русский    Кыргызча

БАШКЫ БЕТ        БИЗ ЖӨНҮНДӨ        БИЗДИН КЫЗМАТ        ОКУЯЛАР        М-БОРБОРУ        ГАЛЕРЕЯ        БАЙЛАНЫШУУ         

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

БАГЫТТАР

КАДАМ ИНИЦИАТИВАСЫ
НУКУРА ЭЛДИК АКЫЛ-БИЛИМИ
ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
КОНФЛИКТЕРДИ ЧЕЧҮҮ
АЙЫЛ ИНСТИТУТУН ӨНҮКТҮРҮҮ
АЙЫЛ ЧАРБА
КАДАМ - АЯЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
ЖЕР РЕФОРМАЛАРЫ
ЖАМААТТАР
ОКУТУУЧУ ПРОГРАММАЛАР

Жаңылыктар

Генетикалык ресурстар жана салттуу билимдер фестивалы

2017 ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН ДООЛБОРДУК ИДЕЯЛАРЫНЫН КОНКУРСУ «ЖЕР БАЙЛЫГЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ»

Кыргызстанда Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык Жер Коалициясынын аймактык Ассамблеясы (International Land Coalition) болуп өттү

Эл аралык «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкекте өтүүчү Форуму

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү

Баардык жаңылыктар

Жанылыктар жана окуялар

27 Ноябрь 2017

2017 ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН ДООЛБОРДУК ИДЕЯЛАРЫНЫН КОНКУРСУ «ЖЕР БАЙЛЫГЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ»

20 Сентябрь 2017

Кыргызстанда Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык Жер Коалициясынын аймактык Ассамблеясы (International Land Coalition) болуп өттү

24 Август 2017

Эл аралык «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкекте өтүүчү Форуму

16 Июнь 2016

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү

7 Апрель 2016

"Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фонду пилоттук жамааттардын окуучулары арасында "Ак илбирс жана анын чөйрөсү" темасына конкурс жарыялады

12 Февраль 2016

Кыргызстандын Климаттык тармагынын отуруму

13 Январь 2016

«Азыктануу укугу» долбоорунун аякташы

1 Декабрь 2015

Рурал Девелопмент Фанд коомдук фонду «Кыргыз Республикасынын токой секторундагы реформаны пилоттоо» долбооруна катышты

30 Ноябрь 2015

“Кыргыздын салттуу экологиялык билимдеринин негизинде Ак илбирсти жана анын жердеген чөйрөсүн жергиликтуу коомдун деңгээлинде коргоо” долбоору

Генетикалык ресурстар жана салттуу билимдер фестивалы

Долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасы 2018 жылдын май айында "Генетикалык Ресурстар жана салттуу билимдер" деген темада Талас районунун Касымкул Нанаев атындагы орто мектеби менен биргеликте Арал айылында фестиваль өттү. Долбоор Кристенсен фонду аркылуу каржыланган

Фестивалдын алкагында Талас районундагы Касымкул Нанаев орто мектебинде окуучулар үчүн “Биздин айылдагы Генетикалык ресурстар” сүрөт сынагы жана улуу жазуучу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин 90-жылдыгына карата “Айтматов жана жаратылыш” чыгармадан көркөм окуу конкурстары, көргөзмөлөрү жарыяланган.

Фестивалда конкурстардын жыйынтыгы чыгып жеңүүчүлөр жана катышуучулар баалуу белектер менен сыйланды. Андан сырткары, “Көчмөн ашкана” көргөзмөсү, “Сүрөт” көргөзмөсү, “Салбуурун” оюндары, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын парады жана концерттик программалар уюштурулду.

Фестивалга конок болуп “Кыргыз Эл Акыл Казынасынын” мүчөлөрү, “ Айыл өнүктүрүү фондусунун” өкүлдөрү, “Айкөл” АДӨБнын жамааты, Талас райондук жана шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү, Массалык маалымат каражаттары, манасчылар, төкмө акындар, батачылар, салбуурунчулар, мектеп администрациясы, окуучулар жана айыл тургундары катышышты.

Фестивалдын алкагында 500 ашуун адамдар Генетикалык Ресурстар жана Салттуу Билимдер боюнча маалымат менен камсыз болушту.

Ал, эми фестивалдын жүрүшү боюнча келген конокторубуз мындай дейт:

Батачы, Жапаркул чоң-ата:

- Фестивалдын жүрүшү боюнча айтсак, аракетиңер абдан зор. Ошол эле сүрөт көргөзмөңөр, улуттук тамак- аш көргөзмөңөр, окуучулардын эмгектери абдан жогорку деңгээлде болду десем жаңылышпайм. Силер бизге табият менен жаштарыбыздын ортосундагы тыгыз байланышты ачып бере алдыңар. Ал эми, “Жер байлыгы – эл байлыгы” деген сценкаңарда кыргыздардын табият менен даарыланганын көргөздүңө. Бир гана жетишпегени актерлук чеберчилигиңер гана жетишпей калды. Силер ошол фестивалда кийген кийимиңерден баштап, тамак ашыңарга чейин кыргыздын улуттук баалуулуктарын көргөздүңөр. Жаратылыштын түркүн касиетин сезип, ишенип, аярлап турганыңар сезилип турду. Азаматсыңар, эң жогорку деңгээлде өттү!

“Мурас” коомдук бирикмесинин жетекчиси Динара Шабатоева:

-       Бул фестивалды окуучулар менен биргеликте өткөнүңөр мени аябай кубандырды. Себеби, алар биздин баалуулуктарыбыздан маалымат алышты. Жаратылыштын кандай касиеттери бар экенин билишти. 

Касымкул Нанаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу, Сырга Кубатбекова:

-       Биз долбоордун уюштуруучулары менен чогуу айылыбызды кыдырып, чөптөн даары жасаган чоң-ата, чоң-энелерибизден маалыматтарды топтодук. Фестиваль бизге аябай жакты. Келген коноктордун урматына өзүбүздү жакшы алып жүрүүгө аябай аракет кылдык. Андан сырткары сиздерге салбуурун оюндары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизге аябай жакты.     

Share this

| |

Рурал девелопмент фанд

Геологический пер., 11, офис-1

Кыргыз Республикасы

720005, Бишкек

Телефон: +996 (312)590828 

Моб. телефон: +996 (770)330106

Email: general@rdf.in.kg

© RDF 2008 - 2015

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность