Local Solutions for Local Development

English    Русский    Кыргызча

БАШКЫ БЕТ        БИЗ ЖӨНҮНДӨ        БИЗДИН КЫЗМАТ        ОКУЯЛАР        М-БОРБОРУ        ГАЛЕРЕЯ        БАЙЛАНЫШУУ         

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

БАГЫТТАР

КАДАМ ИНИЦИАТИВАСЫ
НУКУРА ЭЛДИК АКЫЛ-БИЛИМИ
ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
КОНФЛИКТЕРДИ ЧЕЧҮҮ
АЙЫЛ ИНСТИТУТУН ӨНҮКТҮРҮҮ
АЙЫЛ ЧАРБА
КАДАМ - АЯЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
ЖЕР РЕФОРМАЛАРЫ
ЖАМААТТАР
ОКУТУУЧУ ПРОГРАММАЛАР

Жаңылыктар

2017 ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН ДООЛБОРДУК ИДЕЯЛАРЫНЫН КОНКУРСУ «ЖЕР БАЙЛЫГЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ»

Кыргызстанда Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык Жер Коалициясынын аймактык Ассамблеясы (International Land Coalition) болуп өттү

Эл аралык «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкекте өтүүчү Форуму

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү

"Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фонду пилоттук жамааттардын окуучулары арасында "Ак илбирс жана анын чөйрөсү" темасына конкурс жарыялады

Баардык жаңылыктар

Рурал девелопмент фанд (РДФ)

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө  уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө  жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Биздин миссия

Жергиликтүү керектөөлргө  негизделген жана жакырчылыкты кыскартууга, айыл жерин туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге көмөк көрсөтүү.

РДФ өнүктүрүү максаттарын жүзөгө  ашырууда жергиликтүү, улуттук жана эл аралык факторлорго өзгөчө  көңүл бурат. РДФ айылды өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу жолдорун жана артыкчылыктуу тармактарын аныктоо үчүн жергиликтүү жамааттарды, мамлекеттик органдарды жана донорлорду активдүү ишке тартат. Биз Кыргызстандагы жана жалпы эле  региондогу кыйла тажрыйбабызга, ошондой эле жаратылыш ресурстарын башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык мобилизациялоо жана интеграция, айылдык экономика сыяктуу тармактардагы эксперттик мүмкүнчүлүктөрүбүзгө  таянып, новатордук идеяларды жана ыкмаларды сунуш кылабыз.

РДФтин техникалык көмөктөшүү, персоналды мобилизациялоо, жергиликтүү өнөктөрдү тартуу, кийинчерээк таратуу үчүн топтолгон тажрыйба менен сабактарды тиешелүү түрдө  иретке келтирип жана жыйынтыкты камсыз кылуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда практикалык тажрыйбасы бар. РДФ укуктук жана экономикалык обзорлорду өткөрөт, сурамжылоо инструментарийлерин иштеп чыгат, интервью алчу адамдарды тандап алат, окутат жана жергиликтүү шарттар менен өзгөчөлүктөрдү чагылдырган талдоо жүргүзөт, ошондой эле алардын ишине көз салат, маалыматтардын катталышына жана талдоого жетекчилик кылат жана өзүнүн отчётторун англис, орус  жана кыргыз тилдеринде тартуулайт. РДФтин бардык жети облуста тең талаада изилдөө  иштерин жүргүзгөн тажрыйбалуу адистер менен текшерүүчүлөрү бар.

РДФ өнүктүрүү максатына жетүү үчүн эл аралык жана жергиликтүү тажрыйбаны кеңири колдонот. Биз Кыргызстандагы жана жалпы эле региондордогу кыйла иш тажрыйбабызга, ошондой эле жаратылыш ресурстарын пайдалануу, жергиликтүү өз  алдынча башкаруу, социалдык мобилизациялоо жана интеграциялоо, айылдык экономика сыяктуу тармактардагы өзүбүздүн эксперттик мүмкүнчүлүктөрүбүзгө  таянып, инновациялык идеялар менен ыкмаларды сунуш кылабыз. Биз изилдөөлөрүбүздү багытталган жамааттардын кайталангыс жагдайларына көңүл топтоштургудай кылып түзгөн элек. Биз ишибизди жергиликтүү динамикага практикалык, так байкоо жүргүзүүгө  негиздейбиз.

Биздин негизги принциптери

Биздин ишибизде негизки фокус болуп "Конкреттүү жерлерде конкреттүү проблемаларды чечүүгө индивидуалдуу ыкма" саналат.

Чынчылдык

Биз мүмкүнчүлүккө жараша  чынчыл болууга  жана  канчалык ачуу болсо дагы, чындыкты айтуугу аракеттенебиз.

Жоопкерчилик

Өнөктөрүбүздүн сунуштарына  оперативдүү жооп кайтарып, аткаруу мөөнөтүн сактоо, максималдуу натыйжалуулукка жетүү үчүн алар менен үзгүлтүксүз байланышта болуу дегенди туюндурат. Мындайча айтканда, биз аткара ала турган иштен башка милдеттин жоопкерчилигин мойнубузга албайбыз дегенди туюндурат.

Өнөктөштүк

РДФ  мамлекетттик  органдар, жамааттар денгээлиндеги  уюмдар, илимий  чөйрө, изилдөө борборлору жана донордук  топтор менен  өзүнүн ишмердигинин   натыйжалуулугун  максималдуу жогорулатууга жана өз миссиясын татыктуу аткаруу үчүн  активдүү кызматташат дегенди туюндурат. РДФ бир нече долбоор жана/же донордун  катышуусу менен биргелешкен  программаларды ишке ашыруу боюнча кыйла тажрыйба топтогон. РДФ бир нече долбоорлордун жана/же донорлордун катышуусу менен биргелешкен программаларды ишке ашыруу тажрыйбасына ээ.

Чыгармачыл ыкма

Биз ар бир долбоорго РДФтин инновациялык ыкмаларын жана методдорун пайдалануу менен жаңы жана өзгөчөлүү  нерсе катары мамиле жасайбыз. 

Рурал девелопмент фанд

Геологический пер., 11, офис-1

Кыргыз Республикасы

720005, Бишкек

Телефон: +996 (312)590828 

Моб. телефон: +996 (770)330106

Email: general@rdf.in.kg

© RDF 2008 - 2015

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность