Local Solutions for Local Development

English    Русский    Кыргызча


БАШКЫ БЕТ        БИЗ ЖӨНҮНДӨ        БИЗДИН КЫЗМАТ        ОКУЯЛАР        М-БОРБОРУ        ГАЛЕРЕЯ        БАЙЛАНЫШУУ         

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес илимий-изилдөө уюму. Биздин уюмдун атын кыргыз тилине сөзмө сөз которгондо "айыл өнүктүрүү фонду" деп аталат. Социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу фонддун ишмердигинин негизги багыты болуп саналат.

Рурал девелопмент фанд

БАГЫТТАР

КАДАМ ИНИЦИАТИВАСЫ
НУКУРА ЭЛДИК АКЫЛ-БИЛИМИ
ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ
КОНФЛИКТЕРДИ ЧЕЧҮҮ
АЙЫЛ ИНСТИТУТУН ӨНҮКТҮРҮҮ
АЙЫЛ ЧАРБА
КАДАМ - АЯЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
ЖЕР РЕФОРМАЛАРЫ
ЖАМААТТАР
ОКУТУУЧУ ПРОГРАММАЛАР

Жаңылыктар

2017 ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫНЫН ДООЛБОРДУК ИДЕЯЛАРЫНЫН КОНКУРСУ «ЖЕР БАЙЛЫГЫ – ЭЛ БАЙЛЫГЫ»

Кыргызстанда Азиялык Жер Форуму жана Эл аралык Жер Коалициясынын аймактык Ассамблеясы (International Land Coalition) болуп өттү

Эл аралык «Ак илбирс мекени – улуу тоолор» түзүмүнүн Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкекте өтүүчү Форуму

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү

"Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фонду пилоттук жамааттардын окуучулары арасында "Ак илбирс жана анын чөйрөсү" темасына конкурс жарыялады

Баардык жаңылыктар



Окуялар


16 Июнь 2016

«Кыргыз эл акыл казына» кыргыз салттуу билимдеринин сактоочулары жана практиктеринин тармагынын жыйын-маеги өттү


9 Март 2016

Италиялык фрилансер-сүрөтчү Марко Паломби, КЭАК жайыткерлик тармагынын активисттери менен жолугушту


20 Июнь 2015

Салтуу билимдер боюнча китептер


18 Декабрь 2014

РДФтин социалдык программаларынын координатору Непалда болуп өткөн эл аралык тренинг-семинарга катышты


18 Декабрь 2014

GESA 2014-кѳ GESA 2014 РДФ коомдук уюмунан долбоорлордун координатору катышты


15 Декабрь 2014

РДФтин кызматкерлери жумуш визит менен Албания Республикасына барып келишти


11 Декабрь 2014

РДФ жер боюнча регионалдуу форумга катышты


9 Декабрь 2014

РДФ КУмунун директору регионалдуу стратегиялык биргелешүү семинарына катышты


19 Май 2014

РДФтин адистери Кристенсен Фондусунун өнөктөрштөр жолугушуусуна катышышты

 

Долбоордун координатору Акматова Күлүйпа жана Талас областынын жергиликтүү эксперти Курманбаев Акылбек Монголияда ѳткѳрүлгѳн Ак илбирстин санын сактап калуу боюнча Глобалдуу Альянска катышышты

   «Кыргыздын экологиялык салттуу билимдеринин негизинде Ак илбирсти жана анын жердеген чѳйрѳсүн жергиликтүү жамаат деӊгелинде коргоо» долбоорунун координатору Акматова Күлүйпа жана Талас областынын жергиликтүү эксперти Курманбаев Акылбек Кыргызстандын делегациясынын курамында, «Туруктуу ѳнүктүрүү стратегиясынын институту» коомдук фондунун  колдоосу менен, Монголиядагы «Ноен уул» тоосунун жанындагы “Mongolian Secret History" эс алуу жайында 1-апрельден 9- апрельге чейин ѳткѳрүлгѳн эл аралык семинарга катышышты.

 

 Рисунок 1. Совместное фото делегации из Кыргызстана c участниками семинара

   

   Айтылган семинар кезектеги 2016-жылдын экинчи чейрегинде ѳткѳрүлѳ турган, Ак илбирстин санын сактоо боюнча Глобалдык Альянсынын ѳткѳрүлүшүн даярдоо максатында демилгеленип, биринчи отурумдун убагындагы жолугушуудагы бардык ой-пикир жана сунуштарды эске алуу менен өткөрүлдү.

 

   Семинардын негизги максаттары:

- Жергиликтүү калктын маданиятынын аспекттерин экологиялык билим берүү тармагына, Глобалдык Альянс колдогон Ак илбирстин санын сактоо боюнча жана башка Монголия, Кыргызстан, Тажикстан жана Россиядагы программалар аркылуу киргизүү.

- Жамааттык жалпы талкуулоо, пилоттук долбоорду жана иш планын иштеп чыгуу, планшеттер жана смартфондордун платформасында жапайы жаратылышка мониторинг жүргүзүү техникасын үйрѳнүү жана ага байланыштуу окуяларды көз алдына келтире тургандай сактай турган технологияларга окутуу.

- Ийгилик көрсөткүчтөрүн талкуулоо – алардын мааниси эмнеде, эмне үчүн салттуу көрсөткүчтөр маанилүү, ушул жааттагы башкалардын азыркыга чейин аткарылган иш-аракеттери, тажрыйбасын талкуулоо

- Ак илбирсти сактоо боюнча көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуудагы таяныч болгон мисалдарды түзүү.


Рисунок 2. Построение команды   Семинардын программасы жыш түзүлүп абдан кызыктуу болду.  Негизги көңүл планшет жана смартфон менен колдонуп иштөө боюнча практикалык ишке бурулуп, семинардын максаты техникалык жабдуулар үчүн атайын иштелип чыккан (моб.телефон жана планшет үчүн) программаны катышуучулар менен бирге толуктап иштеп чыгуу эле. Бул программанын жардамы менен Ак илбирстерге байкоо жүргүзүп жана алар тууралуу маалымат  жыйноого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 


   Маалыматты чогултуу жана ѳткѳрүп берүү түздөн-түз  жүргүзүлүп, Ак илбирстин жашоосу жана анын жердеген жери менен жакшы таанымал, же аны кезиктирген, алыстан көргөн адамдар катышып, жергиликтүү эл тарабынан аткарылат. Мындай жол менен, бирдиктүү жалпы маалымат базасына материал топтоо мүмкүнчүлүгү түзүлѳт.

 

   Семинардын жүрүшүндө бардык катышуучуларга бул программаны жакшыртуу боюнча сунуштарын айтып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле, жаңы идеялар менен ой бөлүшүү болуп, алар эске алынып, кезектеги Глобалдуу Альянстын катышуучуларынын отурумуна чейин толукталып иштеп чыгарыла турган  болду.


Рисунок 3. Участники в процессе работы   Семинардын катышуучулары Кыргызстан, Тажикстан, Монголия, Америка Кошмо Штаттары жана Россия өлкөлөрүнүн изилдөөчүлөрү, руханий дүйнө

тажрыйбасынын ээлери, тоолук  жамааттардын эксперттери жана өкүлдөрү болушту. Жыйынтыгында баары биригип, айтылган идеяга түрткү болгон жана Ак илбирстин жердеген жериндеги жергиликтүү жамаат менен биргеликте илбирсти сактоого мүмкүнчүлүк бере турган ойлор жана инновациялык сунуштар менен бѳлүшүштү.

 

                     

                                                                                                                                                                                                                                          

Рисунок 4. Групповое фото во время культурного дня

Share this

| |


Рурал девелопмент фанд

Геологический пер., 11, офис-1

Кыргыз Республикасы

720005, Бишкек

Телефон: +996 (312)590828 

Моб. телефон: +996 (770)330106

Email: general@rdf.in.kg





© RDF 2008 - 2015




Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность